# 7-статья. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 7-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-7

---

Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 2-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер баяндамада аларга шилтеме берилсе, сыпаттамасы, формуласы жана чиймелери бар табыштама берилген күн боюнча белгиленет. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер табыштама ээси аларды өзүнчө табыштама катары жолжоболоп берсе жана бул табыштама кошумча материалдар кабарландырылган чечимдин маани-маңызын өзгөртүп жиберет деп табылгандыгына байланыштуу аларды эске алууга мүмкүн эместиги жөнүндө табыштама ээси кабарландырылган күндөн тартып үч айлык мөөнөт бүткөнгө чейин берилсе, жана ушул табыштама берилген күндө ал боюнча аталган кошумча материалдар берилген күнгө карата табыштама чакыртып алынды деп эсептелбесе, кошумча материалдар берилген күн боюнча жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы белгилениши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер мындай артыкчылык суралып жаткан табыштама жашыруун ойлоп табууга берилген кыйла мурунку табыштаманын күнүнөн он эки айдан кечиктирилбей берилсе, ошол эле табыштама ээсинин ойлоп табууну ачып көрсөткөн кыйла мурунку табыштамасы берилген күн боюнча белгилениши мүмкүн. Мында кыйла мурунку табыштама чакыртылып алынган болуп эсептелет. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы мурда берилген бир нече табыштамалардын негизинде алардын ар бири үчүн көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен белгилениши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгын кыйла мурунку артыкчылык суралган табыштаманын берилген күнү боюнча белгилөөгө мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-8)
