# 6-статья. Жашыруун ойлоп табуунун коргоого алынуу жөндөмдүүлүгүнүн шарттары

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-6

---

Жашыруун ойлоп табуунун коргоого алынуу жөндөмдүүлүгүн аныктоодо ойлоп табуунун Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында белгиленген патенттелүү жөндөмдүүлүгүнүн шарттары колдонулат. Жашыруун ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо техниканын деңгээлине Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган маалыматтар менен катар эле артыкчылыкка кыйла мурда ээ болгон төмөнкүдөй шарттар киргизилет:

- өнөржай менчигинин жашыруун объекттерине берилген Кыргыз Республикасынын коргоо документтери;

- өнөржай менчигинин жашыруун объекттеринин коргоо документтерине Кыргыз Республикасында башка адамдар тарабынан берилген (чакыртылып алынган табыштамалардан башка) табыштамалар;

- жашыруун ойлоп табуунун артыкчылык алуусунан мурда эле Кыргыз Республикасында маалыматтарга мыйзамдуу негизде укуктуу адамдар үчүн белгилүү болгон басылмаларда жана башка маалымат булактарында ачыкка чыгарылган, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар.

Жашыруун ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо техниканын деңгээлине кирүүчү мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасы билдирилген жашыруун ойлоп табуунун жашыруундук даражасынан жогору болбоосу керек.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-7)
