# 5-статья. Жашыруун ойлоп табууга табыштама берүүнүн, кароонун жана жашыруун сактоонун тартиби

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2007 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О секретных изобретениях»](https://aqlex.ai/kg/doc/202072)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869#diff=1241626..1241627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 5-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-5

---

Жашыруун ойлоп табууга табыштама берүү укугу жашыруун ойлоп табуунун авторуна (авторлоруна) же анын (алардын) укук мураскерлерине, анын ичинде укукту ыктыярдуу кыюу тартибинде тийиштүү укук алган адамга таандык болот. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган жана "Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаратылган кызматтык ойлоп табууга табыштама берүү укугу, эгер иш берүүчү менен кызматтык ойлоп табуунун авторунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө же анын укук мураскерине, анын ичинде укукту ыктыярдуу кыюу тартибинде тийиштүү укук алган адамга таандык болот. Табыштамалар Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык түзүлөт. Жашыруун ойлоп табууларга табыштамаларды кароонун жана жашыруун сактоонун тартибин интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктайт. Табыштаманын материалдарынын өтүүсүнүн бардык этаптарына адистерди тартуу "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-6)
