# 4-статья. Жашыруун ойлоп табуунун автору

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 4-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-4

---

Аны чыгармачыл эмгеги менен жараткан жеке адам жашыруун ойлоп табуунун автору болуп таанылат. Эгерде жашыруун ойлоп табууну жаратууга бир нече жеке адам катышса, алардын баары тең ойлоп табуунун авторлору болуп эсептелет. Жашыруун ойлоп табууну жаратууга жеке өзүнүн чыгармачыл салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана жардам көрсөткөн жеке адам анын автору катары таанылбайт. Автордук укук ажыратылбас мүлктүк эмес жеке укук болуп саналат жана мөөнөтү чектелбестен корголот. Жашыруун ойлоп табууга автордук интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү кызыктыруучу сыйакыларды, жашыруун сакталгандыгы үчүн акчалай компенсацияларды жана пайдалангандыгы үчүн сыйакыларды алууга негиз болуучу күбөлүк менен ырасталат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Жашыруун ойлоп табуу мамлекеттин керектөөлөрү үчүн пайдаланылганда авторго (авторлорго) аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан акчалай сыйакы төлөнүп берилет. Мында акчалай сыйакынын өлчөмүн ошол мамлекеттик орган белгилейт жана ал авторлордун санына карабастан ойлоп табуу пайдаланылган ар бир жыл үчүн эң төмөнкү эмгек акынын элүүдөн кем эмес өлчөмүндө болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-5)
