4-статья. Жашыруун ойлоп табуунун автору
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Аны чыгармачыл эмгеги менен жараткан жеке адам жашыруун ойлоп табуунун автору болуп таанылат. Эгерде жашыруун ойлоп табууну жаратууга бир нече жеке адам катышса, алардын баары тең ойлоп табуунун авторлору болуп эсептелет. Жашыруун ойлоп табууну жаратууга жеке өзүнүн чыгармачыл салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана жардам көрсөткөн жеке адам анын автору катары таанылбайт. Автордук укук ажыратылбас мүлктүк эмес жеке укук болуп саналат жана мөөнөтү чектелбестен корголот. Жашыруун ойлоп табууга автордук интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү кызыктыруучу сыйакыларды, жашыруун сакталгандыгы үчүн акчалай компенсацияларды жана пайдалангандыгы үчүн сыйакыларды алууга негиз болуучу күбөлүк менен ырасталат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Жашыруун ойлоп табуу мамлекеттин керектөөлөрү үчүн пайдаланылганда авторго (авторлорго) аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан акчалай сыйакы төлөнүп берилет. Мында акчалай сыйакынын өлчөмүн ошол мамлекеттик орган белгилейт жана ал авторлордун санына карабастан ойлоп табуу пайдаланылган ар бир жыл үчүн эң төмөнкү эмгек акынын элүүдөн кем эмес өлчөмүндө болууга тийиш.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1869/st-4" title="4-статья - Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>