# 3-статья. Жашыруун ойлоп табуу жана аны пайдалануу укугу

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869#diff=1241628..1241629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 3-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-3

---

Жашыруун ойлоп табуу жана аны пайдалануу укугу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен корголот. Жашыруун ойлоп табуу жана аны пайдалануу укугу ал жашыруун сакталган бүткүл мөөнөт бою аны жашыруун сактаган мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасына таандык болот. Жашыруун ойлоп табууларды пайдалануу "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларынын жашыруундук режимин сактоо менен ишке ашырылууга тийиш. Жашыруун ойлоп табууну мамлекеттин кызыкчылыгында башка адамдардын пайдалануусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте, жашыруундук режимин сактоо менен, аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табууну пайдалануу шарттарын бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат. (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-4)
