# 2-статья. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган ойлоп табууларды жашыруун сактоо

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 22.03.2007 [Закон КР от 22 марта 2007 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О секретных изобретениях»](https://aqlex.ai/kg/doc/202072)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869#diff=1241628..1241629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 2-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган ойлоп табууга патент берүүгө табыштамалар берилген кезде мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды таап чыгуу жана ошол маалыматтар камтылган табыштамаларды жашыруун сактоо боюнча иштерди уюштурат. Ал иштерди уюштуруунун тартиби интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Жашыруун сакталууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеси бар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор (мындан ары - мамлекеттик органдар) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган, мамлекеттик сырды түзүүчү ойлоп табууларды жашыруун сактоого жана аларга жашыруун сактоонун тийешелүү даражасынын грифин коюу менен өзүнүн режимдик-жашыруун түзүмдөрүнүн бөлүмчөлөрү аркылуу интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга табыштама берүүгө акылуу. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-статьясында каралган адамдар (мындан ары билдирүүчү ээлери) тарабынан иштеген жери боюнча режимдик-жашыруун түзүмдөрүнүн бөлүмчөлөрү аркылуу берилүүчү, ал эми андай мүмкүнчүлүктөр болбосо жашаган (жүргөн) жери боюнча атайын байланыш аркылуу, болбосо түздөнтүз Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган тартипте ойлоп табууну жашыруун сактоо жөнүндө сунуш кылынган табыштамаларды кароого кабыл алат. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган табыштамаларды жашыруун сактоо, жашыруундук даражасын белгилөө, ошондой эле аларды кайра кароонун мөөнөттөрү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы № 38, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-3)
