# 16-статья. Өтмө жоболор

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 16-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-16

---

Жашыруун ойлоп табууга патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чечим чыгарыла элек болсо, андан ары иш кагаздарын жүргүзүүнүн жолжобосу ушул Мыйзамда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чечим чыгарыла элек болсо, иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат. Мындай табыштамалар боюнча иш кагаздарын жүргүзүү билдирүүчү ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган тартипте улантылышы мүмкүн. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча оң чечим чыгарылса, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын коргоо документтери боюнча "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик сырларды сактоонун баардык чаралары каралат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-17)
