16-статья. Өтмө жоболор
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Жашыруун ойлоп табууга патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чечим чыгарыла элек болсо, андан ары иш кагаздарын жүргүзүүнүн жолжобосу ушул Мыйзамда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чечим чыгарыла элек болсо, иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат. Мындай табыштамалар боюнча иш кагаздарын жүргүзүү билдирүүчү ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган тартипте улантылышы мүмкүн. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча оң чечим чыгарылса, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын коргоо документтери боюнча "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик сырларды сактоонун баардык чаралары каралат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1869/st-16" title="16-статья - Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>