# 10-статья. Жашыруун ойлоп табууну ачыкка чыгаруу

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869#diff=1241628..1241629>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 10-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-10

---

Жашыруун ойлоп табуунун белгиленген жашыруундук даражасын сактоонун зарылдыгын текшерүү аны жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик орган тарабынан аны жашыруун сактоого алганда белгилеген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Мындай текшерүү билдирүүчү ээсинин, автордун жана аны жашыруун сактаган мамлекеттик органдын демилгеси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Жашыруун ойлоп табууну ачыкка чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аны жашыруун сактаган мамлекеттик органдын сунушу боюнча кабыл алынат. Жашыруун ойлоп табууну ачыкка чыгаруу жөнүндө чечим билдирүүчү ээсине, авторго, ошондой эле аны Реестрден чыгарып салуу үчүн интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирилет. (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-11)
