# 1-статья. Жашыруун ойлоп табуулар тармагындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1869)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1793/edition/1241626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1869/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө, 1-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-1

---

Жашыруун ойлоп табууларды жашыруун сактоого жана пайдаланууга байланыштуу мамилелерди укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, "Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган иштеп чыгууларды жашыруун сактоого жана пайдаланууга, жана ушул Мыйзамга ылайык жашыруун деп таанылбаган ойлоп табууларга байланыштуу келип чыгуучу мамилелер "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жөнгө салынат.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1869/st-2)
