# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 596-б (Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салык каражаттарын алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 596-б (Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салык каражаттарын алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 596-р
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18682>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3962/edition/517097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18682.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 596-б (Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салык каражаттарын алуу тууралуу) буйругу (30.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18682

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 20-октябры № 596-б Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салык каражаттарын алуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругу менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кириштөө, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү чечим аймактык салык органы тарабынан кабыл алына турган чарбакер субъекттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

"41. "Кадамжай сурьма комбинаты" ААК (Баткен облусу, СТИК 00501196710014).".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКына анын жогоруда аталган Тизмеге киргизилгендиги жөнүндө расмий түрдө кабарласын.

Премьер-министр

Ф.Кулов
