«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун расмий делегациялар залы көрсөтүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 17-октябрындагы
№ 585-6 буйругу менен бекитилген
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун
расмий делегациялар залы көрсөтүүчү кызматтар үчүн акы төлөө
боюнча нускама
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-
министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы),
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери, аларды коштоочу
адамдар акысыз тейленет.
2. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси жана анын орун басарлары, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси, Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин, Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин
(Акыйкатчысынын) орун басарлары, облустардын мамлекеттик администрация
башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Кыргыз Республикасынын
Президентинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын
Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын кењешчилери акысыз тейленет.
Алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аларды коштоочу адамдар тейлөө үчүн акыны түздөн-
түз расмий делегациялар залында төлөшөт.
3. Тизмеге кирбеген калган кызмат адамдары жана "Манас" эл аралык аэропорту"
ачык акционердик коомунун расмий делегациялар залында тейлөнүүгө укугу бар
алардын үй-бүлө мүчөлөрү тейлөө үчүн акыны ошол залда төлөшөт.
4. Расмий делегацияларды тейлөө боюнча эсептешүүлер делегация кабыл алынган
(жөнөтүлгөн) линия боюнча ошол уюмдун (ведомствонун) тийиштүү администрациялык-
чарбалык подразделениелери тарабынан жүргүзүлөт.
5. Эгемен республикалардын өкүлдөрү ушул Нускаманын 1 жана 2- пункттарында
саналган кызматтарды ээлеген же ошолор менен бирдей адамдардан тышкары тийиштүү
тарифке ылайык акыга тейленет.
6. Расмий делегациялар залынын кызматкерлери ар бир айдын 10унда кийинки
эсептерге киргизүү үчүн келишим түзгөн уюмдарды көрсөтүү менен залдын
кызматтарынан пайдаланышкан жүргүнчүлөрдүн саны жөнүндө "Манас" эл аралык
аэропорту" ачык акционердик коомунун бухгалтериясына маалымат берип турушат.
7. Ушул Нускамада эскертилген коштоочу кызмат адамдары жалпы негиздерде акы
төлөшөт.
8. Расмий делегацияларды акысыз тейлөөгө билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
башкаруучусунун же алардын биринчи орун басарларынын уруксаты боюнча гана
жүргүзүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен болгон иш-чара Чоњ
залда тейленет.
10. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы жана анын
орун басарлары, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси жана Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси, Кыргыз
Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси, Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы
Кичи залда тейленет.
11. Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпус VIР эл аралык
сектор залында тейленет.
12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, Кызмат адамдарынын
тизмесине кирген калган адамдар Кичи залда тейленет.
Эскертүү.
1.Залдын кызматтарын пайдалануу үчүн накталай акы төлөө сумманы, жүргүнчүнүн
фамилиясын жана аты-жөнүн көрсетүү менен ар кандай жыйымдардын квитанциялары
аркылуу таризделет. Бир нече жүргүнчүлөр үчүн акы алууда бир квитанция аркылуу
тариздөөгө уруксат берилет (делегация, үй-бүлө ж.б.у.с, мында квитанцияда
негизги жүргүнчүнүн фамилиясы жана аты-жөнү жана аны менен бирге жүргөн
жүргүнчүлөрдүн саны көрсөтүлөт).
2.Кичи залды пайдалануу үчүн акынын өлчөмү монополияга каршы орган менен макул
дашылып, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан бекитилет
жана залда илинүүгө тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №585-б буйругуРаспоряжение · 17.10.2006 · № 585 · Күчүн жоготкон