# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №585-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №585-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 585
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18678>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3961/edition/298750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18678.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №585-б буйругу (17.10.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18678

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы №355

буйругуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-октябры №585-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун

аэропорттордун расмий делегациялар залында тейленүүгө тийиш болгон

кызмат адамдарынын тизмеси;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун расмий

делегациялар залы көрсөтүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун расмий

делегациялар залына жанаша аймакка кызмат автомобилдеринде кирүүгө

укугу бар кызмат адамдарынын тизмеси.

2. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жана (Нускаманын 1 жана 2-пункттарында

көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) Тизмеге киргизилген коштоп жүрүүчү кызмат

адамдарына "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун

расмий делегациялар залдарынын кызматтарынан тастыктоочу дркументтерин

көрсөткөндө ага белгиленген тартипте акы төлөө менен пайдаланууга

уруксат бериле тургандыгы белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-майындагы № 253-6

буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июнундагы №311-6

буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы № 295-6

буйругу.

Премьер-министр Ф.Кулов
