# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2006-2008- жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын тиркелген Планын бекитүү жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2006-2008- жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын тиркелген Планын бекитүү жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 574
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3959/edition/298747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2006-2008- жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын тиркелген Планын бекитүү жөнүндө"буйругу (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18676

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 9-октябры № 574

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2006-2008-

жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын тиркелген Планы (мындан

ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы зарыл

чараларды көрүшсүн жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки

айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруу боюнча маалымат берип

турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун

аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана бөлумдерүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
