# 4-статья. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүүнү,

- Документ: [Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1867)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 16-мартындагы № 77 "Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1791/edition/285105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1867/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө, 4-статья (16.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-4

---

жандандырууну жана сактоону мамлекеттик колдоого алуу

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Рес-

публикасындагы элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу,

өнүктүрүү жана сактоо үчүн социалдык, экономикалык жана башка зарыл

шарттарын камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык элдик көркөм кол

өнөрчүлүк өндүрүшүн кайра жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоонун максат-

туу программаларын кабыл алышат;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана

сактоо максатындагы инвестициялык долбоорлордун жүзөгө ашырылышына

көмөктөшөт;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш фонддорун түзүүгө көмөктөшөт;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш жаатындагы иш-аракеттерди жүзө-

гө ашыргандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү

жењилдиктерди белгилешет;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн кызматчыларын окутууну, да-

ярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылат;

Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде элдик

көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүүнү пропагандалоону, анын ичинде

көргөзмөлөрдү, конкурстарды, аукциондорду, элдик көркөм кол өнөрчүлүк

өндүрүшүнүн буюмдарынын адистештирилген соодасын, ушул багытта сырткы

экономикалык иш-аракеттерди жана эл аралык алмашууларды уюштуруу аркы-

луу пропагандалоону жүзөгө ашырат;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн өнүктүрүү жаатындагы коммер-

циялык эмес уюмдардын ишин колдоого алышат;

элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо боюнча жана чыгармачыл кызмат-

керлер өз иштерин жүзөгө ашырууда чараларды кабыл алышат;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн мамлекеттик колдоого алуунун

башка формаларын белгилешет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына ылайык элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жанданды-

руу, өнүктүрүү жана сактоо маселелерин ар тараптан колдоого алууга жана

чечүүгө активдүү катышууга милдеттүү.

3. Жалпыга билим берүү уюмдарында каралган "Көркөм өнөр" (баштал-

гыч мектеп) жана "Эмгекке үйрөтүү" (5-9-класстар) предметтеринин он па-

йыздан кем эмес окутуу сааттары элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүн

үйрөтүүгө багытталууга тийиш.

Эл чеберлеринин чыгармачыл бирликтери жана мектептер жалпыга билим

берүү уюмдарында кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүшөт.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-5)
