# 3-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1867)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 16-мартындагы № 77 "Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1791/edition/285105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1867/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө, 3-статья (16.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-3

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр

пайдаланылат:

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдары - аталган

өндүрүштүн салттарына ылайык даярдалган утилитардык же (жана) декора-

тивдик багыттагы көркөм буюмдар;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн чебери - элдик көркөм кол

өнөрчүлүк өндүрүшүнүн белгилүү буюмдарын анын салттарына ылайык жасаган

жана энтамга укугуна ээ жеке жак;

элдик чыгармачылык - бул элдин маданий мурасын, жашоо-турмушун,

дүйнө таанымын, мүдөөсүн жана сан кылымдык тарыхый тажрыйбанын натыйжа-

сында калыптанган улуттук өзүн-өзү ањдоонун формаларын чагылдырган эл-

дин чыгармачылык ишинин түрү;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү - белгилүү аймакта чеберлердин

колу менен адамдын өзү жана рынок үчүн арналган утилитардык жана (же)

декоративдик багыттагы көркөм буюмдарды чеберлер кол кызматы жана (же)

механизацияны пайдалануу менен элдик чеберчилик салттарды улап

өнүктүрүү жана өздөштүрүү салттарынын негизинде ишке ашырган элдик чы-

гармачылыктын бир формасы;

элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш буюмдарынын типтүү үлгүлөрү -

бекитилген тартипте кайрадан жаратууга дайындалган, анын ичинде чыгар-

мачылык вариантташтырууну колдонуу менен даяр буюм, сүрөт (схемалар,

типтүү композиция), макеттер (моделдер) катарындагы үлгүлөр;

чыгармачылык вариантташтыруу - элдик чыгармачылыктын ачылышынын

бир формасы, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын анын типтүү

үлгүлөрүнө салыштырмалуу даярдоонун сапатын жана чыгармачылык дењгээлин

төмөндөтүүгө алып келбеген буюмга пластикалык, орнаменттик, түстүүлүк,

композициялык жана башка чыгармачылык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүүнү кайра жаратуунун негизги ыкмасын түшүндүрөт.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1867/st-4)
