3-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 16.03.2006 редакциясы
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр
пайдаланылат:
элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн буюмдары - аталган
өндүрүштүн салттарына ылайык даярдалган утилитардык же (жана) декора-
тивдик багыттагы көркөм буюмдар;
элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн чебери - элдик көркөм кол
өнөрчүлүк өндүрүшүнүн белгилүү буюмдарын анын салттарына ылайык жасаган
жана энтамга укугуна ээ жеке жак;
элдик чыгармачылык - бул элдин маданий мурасын, жашоо-турмушун,
дүйнө таанымын, мүдөөсүн жана сан кылымдык тарыхый тажрыйбанын натыйжа-
сында калыптанган улуттук өзүн-өзү ањдоонун формаларын чагылдырган эл-
дин чыгармачылык ишинин түрү;
элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү - белгилүү аймакта чеберлердин
колу менен адамдын өзү жана рынок үчүн арналган утилитардык жана (же)
декоративдик багыттагы көркөм буюмдарды чеберлер кол кызматы жана (же)
механизацияны пайдалануу менен элдик чеберчилик салттарды улап
өнүктүрүү жана өздөштүрүү салттарынын негизинде ишке ашырган элдик чы-
гармачылыктын бир формасы;
элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүш буюмдарынын типтүү үлгүлөрү -
бекитилген тартипте кайрадан жаратууга дайындалган, анын ичинде чыгар-
мачылык вариантташтырууну колдонуу менен даяр буюм, сүрөт (схемалар,
типтүү композиция), макеттер (моделдер) катарындагы үлгүлөр;
чыгармачылык вариантташтыруу - элдик чыгармачылыктын ачылышынын
бир формасы, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн буюмдарын анын типтүү
үлгүлөрүнө салыштырмалуу даярдоонун сапатын жана чыгармачылык дењгээлин
төмөндөтүүгө алып келбеген буюмга пластикалык, орнаменттик, түстүүлүк,
композициялык жана башка чыгармачылык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүүнү кайра жаратуунун негизги ыкмасын түшүндүрөт.
Берененин тексти 16.03.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1867/st-3" title="3-статья - Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>