# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 556-б (Кебир ченемдик укук актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготу жөнүндө) буйрук

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 556-б (Кебир ченемдик укук актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготу жөнүндө) буйрук
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3952/edition/520027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 556-б (Кебир ченемдик укук актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготу жөнүндө) буйрук (12.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18669

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-октябрындагы № 133-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 28-сентябрындагы, №556-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-6

буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15 февралындагы № 61-6

буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 276-6

буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 321-6

буйругу.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2006-жылдын 28-сентябрындагы, №556-б тиркеме

Айыл чарба өндүрүшүн јнүктүрүүгө бјлүнчү товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын Курамы

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин айыл чарба продукциясын өндүрүү маселесин тейлеген орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Комиссия мүчөлөрү:

"Кыргыз айыл чарбалык финансы корпорациясы" ЖТАКнын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн айыл чарба продукциясын өндүрүү маселесин тейлеген эксперти.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев
