# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 551-б (Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын берүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 551-б (Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын берүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 551
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3949/edition/298734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 551-б (Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын берүү тууралу) буйругу (27.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18666

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-сентябры № 551-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 563

"30 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты бо-

юнча келүүчү айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана

берүүнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

менен бирдикте:

- агротехникалык тейлөө борборлорунун, айыл чарбалык кооператив-

дердин жана үрөн чарбалардын артыкчылыктуу укуктарын эске алуу менен

айыл чарбалык техниканы алуучуларды бир айлык мөөнөттүн ичинде тендер-

лик негизде аныкташсын;

- кредиттик-күрөөлүк документтерди өз убагында тариздөө үчүн мате-

риалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине

караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна беришсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги кийин

айыл чарбалык техника сатып алуу үчүн Кытай Эл Республикасынын

Өкмөтүнүн грантына төлөөчү каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Улуттук банкында 10 күндүк мөөнөттүн ичинде атайын депо-

зиттик эсеп ачсын.

3. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте бир жумалык мөөнөттө айыл чарбалык тех-

никанын сатык наркын анын техникалык параметрлерин эске алуу менен, эки

өлкөнүн улуттук валюталарынын Алмашма каттарга кол коюлган күнгө карата

орточо алмашуу курсуна жараша аныктасын жана Кыргыз Республикасынын

Экономика жана финансы министрлигине бекитүүгө берсин;

- Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен макулдашуу боюнча грант-

тык багыт менен келген айыл чарбалык техниканы жайгаштырууга, аны бажы-

лык тариздөөгө, түшүрүүгө, сактоого жана башка ички сарптоолорго байла-

ныштуу чыгымдарды аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 4-августундагы № 563 токтомунун 9-пунктуна ылайык Кыргыз

Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берсин;

- айыл чарбалык техника кредит алуучуларга кредиттик, күрөөлүк ке-

лишимдер жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-

гине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун тийиштүү

коштооч каты болсо гана берилсин.

4. Ушул буйруктун 3-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн чыгым-

дардын Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен макулдашылган наркын

айыл чарбалык техниканы алуучулар "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишка-

насына алгачкы взностордун эсебинен төлөшөөрү белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция укук-

ту аныктоочу документтерди айыл чарба техникаларын кабыл алуу-өткөрүү

актыларынын, накладнойдун жана товардык кредитке келишимдин негизинде

аныкталган тартипте тариздөөнү жана каттоону камсыздасын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
