# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №5440-б "Сел агымдарынын жүрүшүнүн натыйжасында жабыр тарткан Жалалабат облусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйрук

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №5440-б "Сел агымдарынын жүрүшүнүн натыйжасында жабыр тарткан Жалалабат облусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйрук
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3944/edition/298729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №5440-б "Сел агымдарынын жүрүшүнүн натыйжасында жабыр тарткан Жалалабат облусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйрук (22.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18661

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2006-жылдын 22-сентябры №544-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ІЙІ

Сел агымдарынын жүрүшүнүн натыйжасында жабыр тарткан Жалалабат

облусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү

максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар

жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик

резервден төмөнкү товардык материалдык баалуулуктарды төмөнкүдөй өлчөмдө

брондон чыгарсын жана берсин:

ун - 10 тонна;

эт консервалары - 920 банка;

кийиз жабуулары менен боз үйлөр - 6 комплект;

флягалар - 60 даана.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалалабат

облусунун Сузак районунун тургундарына гуманитардык жардамдын жеткирилишин

уюштурсун,

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана

материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2006-жылга бекитилген

бюджетинин каражаттарынын эсебинен гуманитардык жардамды жеткирүү жана

мамлекеттик резервдин ушул буйруктун 1-пунктунда аталган товардык

материалдык баалуулуктарынын запастарын толуктоо үчүн акча каражат бөлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жана

коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
