# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №533-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №533-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 533
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18656>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3939/edition/298724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18656.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №533-б буйругу (19.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18656

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-сентябры № 533-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын негизинде:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2006-жылдын 19-сен-

тябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дареги

боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта-

бынын байланыш башкармалыгы ээлеп турган кызматтык жайды бошотсун жана

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин балансына белгиленген тартипте

өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 9-июлундагы №

326-бж буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
