# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №528-б буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №528-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 528
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3937/edition/298722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №528-б буйругу (18.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18654

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 18-сентябрындагы №528-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы кадрдык

өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-

мартындагы № 99-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- эксперттик топтун курамына Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы

«Кыргызтемиржолкурулуш» магистралдык темир жолдорду

долбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы

директорунун орун басары К.И.Раимкулов киргизилсин;

- көрсөтүлгөн эксперттик топтун курамынан Ф.Ю.Гатаулин

чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-

мартындагы № 100-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү

киргизилсин:

- Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жол магистралын куруу боюнча

биргелешкен изилдөөлөрдү жана долбоордук иштерди жүргүзүү

боюнча эксперттик топтордун иштерин координациялоочу үч

тараптуу биргелешкен жумушчу комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн

курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Д.Т.Үсөнов-Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-

министри, комиссиянын төрагасы;

С.С.Абдрахманов-Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн башчысы;

- көрсөтүлгөн комиссиянын курамынан М.Т.Керимкулов жана

А.Ж.Орозбаева чыгарылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
