# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-августундагы №483-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-августундагы №483-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3931/edition/298715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-августундагы №483-б буйругу (30.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18648

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-августу № 483-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын чарбалык субъектилеринин кампаларында то-

вардык запастардын кыскарышы боюнча иштерди активдештирүү, алардын фи-

нансылык абалын жакшыртуу, жүгүртүлүшүн тездетүү жана жүгүртүлүүчү ка-

ражаттар менен толуктоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүнө 2006-жылдын 1-ян-

варына карата даяр азыктардын жана товарлардын калдыктарын (2005-жылдын

1-январына чейин чыгарылган), 2007-жылдын 1-январына чейин өз баасынан

төмөн баада сатууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык инспекциясы даяр

азыктардын жана товарлардын калдыктарын сатуудан түшкөн каражаттарга

салык салууда ушул буйрукту жетекчиликке алсын.

3. Ишканалардын жетекчилерине суроо-талаптарды изилдөө боюнча мар-

кетинг кызматынын ишин күчөтүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн

илгерилешин камсыздоочу дилердик тармактарды активдүү түзүү сунуштал-

сын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы №

421-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өнөр жай, соода жана туризм министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
