# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы №471-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы №471-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 471
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18636>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3923/edition/298702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18636.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы №471-б буйругу (25.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18636

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-августу № 471-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Автотранспорт каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, региондук бажы

органдарынын материалдык-техникалык базасын чыњдоо, Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республика-

сында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке салуу боюнча ан-

дан аркы чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген кызматтык автотранс-

порттун санынын лимитине ылайык кызматтык автотранспортту кармоого чы-

гымдарды азайтуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- кызматтык автотранспортту № 1 тиркемеге ылайык сатууга;

- эксплуатациялоонун белгиленген нормасында иштетилген жана жарак-

сыз болгон кызматтык автотранспортту № 2 тиркемеге ылайык эсептен чыга-

рууга.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 237

буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясынын балансынан айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүлчү автотранс-

порттун тизмесиндеги 9, 10, 11, 15, 16 жана 17-пункттар алып салынсын.

3. Автотранспорт каражаттарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасы-

нын Экономика жана финансы министрлигинин 2002-жылдын 8-октябрындагы №

285-П приказы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министр-

лигинде 2002-жылдын 28-ноябрында катталган (Каттоо номери 151-02) Бюд-

жеттик мекемелерде жана уюмдарда жараксыз абалга келген имараттарды,

курулмаларды, машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарды жана не-

гизги каражаттарга таандык башка мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жө-

нүндө нускаманын талаптарына ылайык ишке ашырылсын.

4. Кызматтык автомашиналарды сатуу Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 "Менчиктештирүү объекттеринин

наркын баалоо боюнча методикалык рекомендацияларды бекитүү жөнүндө"

токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражат-

тарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методи-

касы жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети кызматтык автомашиналарды сатуудан алынган каражатты

республикалык бюджетке жиберсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
