# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №463-б (Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун Байкоочу кеңешинин курамы боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №463-б (Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун Байкоочу кеңешинин курамы боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3917/edition/531636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №463-б (Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун Байкоочу кеңешинин курамы боюнча) буйругу (05.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18629

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 577-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 23-августу № 463-б "Агробизнес жана маркетинг" долбоорунун чектеринде "Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 токтомуна ылайык түзүлгөн Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун ишин камсыздоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 39-б буйругу менен бекитилген Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) курамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- Кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Жээнбеков А.Ш. - "Жер-Азыгы" Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы; Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;

- Кеңештин курамынан К.Ж.Жүзүмалиев, Э.Т.Төрөмырзаев, Б.Ж.Байтемиров чыгарылсын;

- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин статс-катчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Ф.Кулов
