# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №466-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №466-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 466
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18627>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3915/edition/298690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18627.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №466-б буйругу (23.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18627

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-августу № 466-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары

жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору принциптүү

эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жактырыл-

сын.

Премьер-министр Ф.Кулов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик

чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө

2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

ПРОТОКОЛ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-

на Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары

жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашуунун (мындан ары - Макулда-

шуу) 6 жана 10-статьяларын жетекчиликке алып,

төмөнкү тууралуу макулдашты:

бул Протоколдун тиркемесине ылайык Макулдашуунун тиркемесине (тир-

келет) толуктоо киргизилет.

Бул Протокол Макулдашуунун ажыратылгыз бөлүгү болуп эсептелет жана

Макулдашуунун 12-статьясына ылайык күчүнө кирет.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында 2006-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эки нускада, ар

бири кыргыз, өзбек, жана орус тилинде түзүлдү, мында бардык тексттер

бирдей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн

ортосундагы мамлекеттик чегара

аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө

2004-жылдын 24-июлундагы

макулдашууга өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу протоколго

тиркеме

| Кыргыз | Кыргыз | Өзбекстан | Өзбекстан | Өткөрүү | Иштөө |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Республика- | Республика- | Республика- | Республика- | пунктунун | режими |
| сынын | сындагы | сынын | сындагы | статусу |  |
| өткөрүү | жайгашкан | өткөрүү | жайгашкан |  |  |
| пунктунун | жери | пунктунун | жери |  |  |
| аталышы |  | аталышы |  |  |  |
| Карасуу- | Ош облусу, | Карасув- | Анжиян | Эки | Күндүз |
| автожолу | Карасуу | автожолу | облусу, | тараптуу |  |
|  | району |  | Кургантепи |  |  |
|  |  |  | району |  |  |
