# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы №451-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы №451-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 451
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3914/edition/298689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18626.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы №451-б буйругу (16.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18626

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 16-августу № 451-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Электр байланышынын сапатын жакшыртуу, Кыргыз Республикасында

азыркы учурдагы маалыматтык инфраструктураларды түзүүнүн, аны эл аралык

маалыматтык тармакка жана системага интеграциялоонун негизинде жаран-

дардын, мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтык муктаждыктарын

канааттандыруу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тармакты

өнүктүрүүгө стратегиялык инвесторлорду тартуу максатында жана "Кыргыз-

телеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКы)

иштешинин натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз

Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республика-

сында концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Электр

жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетек-

чиликке алуу менен:

1. "Кыргызтелеком" ААКын андан ары натыйжалуу өнүктүрүү маселесин

иликтөө боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия

түзүлсүн.

2. Комиссия 2006-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө:

- "Кыргызтелеком" ААКын андан ары өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй вариант-

тарын кароочу маселелерин изилдесин:

сатуу;

концессияга берүү;

ишенимдүү башкарууга берүү;

инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү;

- изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

тиешелүү сунуш киргизсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 16-августундагы

№ 451-б буйругуна тиркеме

"Кыргызтелеком" ААКын андан ары натыйжалуу өнүктүрүү

маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

Жолдошев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

паратынын курулуш, транспортту жана коммуника-

цияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссия-

нын төрагасы;

Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-

кациялар министри, комиссиянын төрагасынын орун

басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Абдрахманов С.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

паратынын юридика бөлүмүнүн башчысы;

Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

статс-катчысы;

Абдылдаев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу

өкүлү;

Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы

министрлигинин статс-катчысы;

Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-

каруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-кат-

чысы;

Николаев Н.Ф. - Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агент-

тигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);

Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" ААКынын башкармасынын төрагасы

(макулдашуу боюнча);

Живоглядов В.П. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академи-

ясынын академиги;

Бримкулов У.Н. - Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим

берүү программаларынын интеграция институтунун

"Кыргыз-Америка Интернет факультетинин" деканы

(макулдашуу боюнча);

Тагаев Б. - "Winline" жоопкерчилиги чектелген коомунун ди-

ректору (макулдашуу боюнча);

Айдралиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-

кациялар министрлигинин башкармалыгынын началь-

ниги, комиссиянын жооптуу катчысы.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
