Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-августу № 451-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Электр байланышынын сапатын жакшыртуу, Кыргыз Республикасында
азыркы учурдагы маалыматтык инфраструктураларды түзүүнүн, аны эл аралык
маалыматтык тармакка жана системага интеграциялоонун негизинде жаран-
дардын, мамлекеттик башкаруу органдарынын маалыматтык муктаждыктарын
канааттандыруу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тармакты
өнүктүрүүгө стратегиялык инвесторлорду тартуу максатында жана "Кыргыз-
телеком" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКы)
иштешинин натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз
Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республика-
сында концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Электр
жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетек-
чиликке алуу менен:
1. "Кыргызтелеком" ААКын андан ары натыйжалуу өнүктүрүү маселесин
иликтөө боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия
түзүлсүн.
2. Комиссия 2006-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө:
- "Кыргызтелеком" ААКын андан ары өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй вариант-
тарын кароочу маселелерин изилдесин:
сатуу;
концессияга берүү;
ишенимдүү башкарууга берүү;
инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү;
- изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
тиешелүү сунуш киргизсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 16-августундагы
№ 451-б буйругуна тиркеме
"Кыргызтелеком" ААКын андан ары натыйжалуу өнүктүрүү
маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Жолдошев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын курулуш, транспортту жана коммуника-
цияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссия-
нын төрагасы;
Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-
кациялар министри, комиссиянын төрагасынын орун
басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Абдрахманов С.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын юридика бөлүмүнүн башчысы;
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
статс-катчысы;
Абдылдаев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу
өкүлү;
Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигинин статс-катчысы;
Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-
каруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-кат-
чысы;
Николаев Н.Ф. - Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агент-
тигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" ААКынын башкармасынын төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Живоглядов В.П. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академи-
ясынын академиги;
Бримкулов У.Н. - Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим
берүү программаларынын интеграция институтунун
"Кыргыз-Америка Интернет факультетинин" деканы
(макулдашуу боюнча);
Тагаев Б. - "Winline" жоопкерчилиги чектелген коомунун ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
Айдралиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-
кациялар министрлигинин башкармалыгынын началь-
ниги, комиссиянын жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон