Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2- августундагы №427-б буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 2-августу, №427-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кырыз Республикасынын Өкмөту менен Германия Федеративдүү
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары
чыњдоо максатында:
1. 2005-жылга техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кырыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек
Үсөнбекович Жапаровго жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым
укук берилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
2005-жылга
Техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын
ортосунда түзүлгөн достук мамилелерге негизденип,
өнөктөш техникалык кызматташтык аркылуу ушул достук мамилелерди
чыњдоону жана терењдетүүнү каалап,
ушул мамилелерди колдоо ушул Макулдашуунун негизинде жаткандыгын
сезе билип,
Кыргыз Республикасынын социалдык -экономикалык өнүгүшүнө салым
кошууга ниеттенип,
2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында эки тараптуу
кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү
Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн 2005-жылдын
31-августундагы жыйынтыктоочу протоколуна шилтеме жасоо менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты;
1-статья
(1) Техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1998
- жылдын 31 - мартындагы Макулдашууну аткаруу үчүн, эгерде тиешелүү
карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аларды ишке ашырууга каражаттарды
бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленсе, төмөндөгү долбоорлорго
субсидия берилет:
1. «Жеке менчик экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» (уландысы;
2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында үчүн өкмөттөр аралык эки
тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун 4.2.1-пункту) -
1000.000 (жазуу менен: бир миллион) еврого чейин;
2. «Рыноктун керектөөлөрүнө багытталган кесиптик кайра даярдоо
тармагына колдоо көрсөтүү» (уландысы; 2005-2005-жылдарга өнүктүрүү
максаттарында өкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн
жыйынтыктоочу протоколунун 4.2.2-пункту) - 900.000 (жазуу менен: тогуз
жүз мињ) еврого чейин;
3. «Айылдык региондордо кредиттөө системасын түзүү» (долбоордон
кийинки колдоо көрсөтүү; 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында
өкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун
4.2.3-пункту) - 400.000 (жазуу менен: төрт жүз мињ) еврого чейин;
4. «Товардык жана сервистик кооперативдерди өнүктүрүүгө көмөк
көрсөтүү» (уландысы; 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында
өкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун
4.2.4-пункту) - 1.300.000 (жазуу менен: бир миллион үч жүз мињ) еврого
чейин;
5. «Техникалык кызматташтыктын изилдөөлөр жана адистер фонду»
(алмашууну көбөйтүү; 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында
өкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдун жыйынтыктоочу протоколунун
4.5.5-пункту) - 400.000 (жазуу менен: төрт жүз мињ) еврого чейин.
(2) Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү ушул статьянын 1-
пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу максатында өзүнүн
эсебинен персоналды жана буюм заттарын, ошондой эле зарыл учурда жалпы
суммасы 4.000.000 (жазуу менен: төрт миллион) еврого барабар
кайтарылгыс каржылык салымдарды берет. Ушул статьянын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну ал
Эшборн шаарындагы Германдык техникалык кызматташтык коомуна (ГТЦ)
тапшырат.
(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү долбоорлорду
үзгүлтүксүз ишке ашыруу максатында өз алдынча дифференциалданган
бюджеттик пландоону кепилдикке алат жана ушул статьянын 1- статьясында
көрсөтүлгөн долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өзүнүн
милдеттенмелерин аткарууну өзү ыйгарым укук берген аткаруучу уюмдар
аркылуу аткарууну камсыз кылат.
(4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ушул статьянын
1-пунктунда саналган долбоорлор башка долбоорлор менен алмаштырылышы
мүмкүн.
(5) Эгерде ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн аткаруучу
жана зарыл учурда каржылык контракттар ушул милдеттенмелер күчүнө
кирген жыл аяктагандан кийин сегиз жылдык мөөнөттө түзүлбөсө, ушул
статьянын 1 - пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлор жана ушул статьянын 2-
пунктунда техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн каралган
суммаларды берүү боюнча милдеттенмелер башкалар менен алмаштырылбастан
өзүнүн күчүн жоготот. Ушул жылы кабыл алынган милдеттенмелерге карата
ушул мөөнөт, ушул статьянын 4-пунктунун жоболоруна карабастан, 2013-
жылдын 31-декабрына карата аяктайт. Эгерде жогоруда аталган мөөнөттө
кол коюлган аткаруучу жана зарыл учурда каржылык контракттар тарабынан
ушул милдеттенмелердин бир бөлүгү гана камтылса, анда жогоруда аталган
мөөнөтту узартуу, сумманын ушул контракттар тарабынан өздөштүрүлбөгөн
бөлүгүнө гана жайылтылат.
2-статья
1-статьянын 1-пунктунда камтылган долбоорлордун, ошондой эле
аткарылууга тийиш болгон жумуштардын жана милдеттенмелердин ар кыл
жактары аткаруучу жана зарыл учурда ГТЦ жана аткаруучу уюмдардын
ортосунда түзүлгөн каржылык контракттар менен жөнгө салынат, ал ушул
Макулдашуунун 1 - статьясынан 3 - пунктуна ылайык ушуга дагы ыйгарым
укук берилет. Ушундай аткаручу жана зарыл учурда каржылык
контракттарга карата Германия Федеративдүү Республикасында күчүндө
болгон мыйзамдар колдонулат.
3-статья
(1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун 1 -
статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы Жана анын
эсебинен жөнөтүлгөн материалдарды, автомобилдерди, буюмдарды жана
жабдууларды, ошондой эле запастык тетиктерди лицензиялык, бажылык,
импорттук, экспорттук, порттук жана башка жыйымдардан, анын ичинде
аларды кампаларда сактоого кеткен чыгашалардан бошотот Жана аларды
токтоосуз түрдө бажылык жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
(2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германдык техникалык
кызматташтык коомун (ГТЦ) ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн
аткаруучу жана зарыл учурда каржылык контракттарды түзүүгө жана
аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасында алынуучу ар кандай
салыктардан жана мамлекеттик башка жыйымдардан бошотот. Аталган
жыйымдардан бошотуу Кыргыз Республикасында сатылып алынган
материалдарга да жайылтылат.
4-статья
Калган учурларда ушул Макулдашууга карата ушул Макулдашуунун 1-
статьясынын 1-пунктунда айтылган Техникалык кызматташтык жөнүндө 1998-
жылдын 31-мартындагы макулдашуунун жоболору жайылтылат.
5-статья
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу бардык
талаш маселелер Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр
аркылуу чечилет.
6-статья
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Федеративдүү
Республикасынын Өкмөтүнө Макулдашуу күчүнө кириши үчүн ички
мамлекеттик шарттар аткарылгандыгы жөнүндө билдирген күндөн тартып
күчүнө кирет. Билдирүү келип түшкөн күн чечүүчү дата болуп саналат.
200_жылдын «____» ________ Бишкек шаарында эки нускада ар бири
немец жана орус тилинде түзүлдү, мында эки текст тењ бирдей күчкө ээ
болот.
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү
Өкмөтү үчүн Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.