# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы №428-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы №428-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 428
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3909/edition/298684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы №428-б буйругу (02.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18620

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 2 августу №428

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-

мартындагы № 138-6, 2006-жылдын 10-майындагы № 215-6

буйруктарына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик

агенттик:

буудайдан анализ алууну жүргүзүү үчүн көз карандысыз

лабораторияны тартуу менен спирт өндүрүү үчүн "Кристалл"

спирт-арак заводу" мамлекеттик ишканасына буудайды жооптуу

сактоочу ишкана "Кара-Суу Дан-Азык" акционердик коомунан 1,9

мињ тонна азык-түлүк буудай данын берсин.

2. "Кристалл" спирт-арак заводу" мамлекеттик ишканасы

2007-жылдын 1-январына чейин алынган буудай үчүн Кыргыз

Республикасыньш Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты

өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги белгилеген баа боюнча

төлөсүн же ошондой сандагы азык-түлүк буудай данын сапаты

боюнча мамлекеттик резервдин буудай данынын базистик

кондициясынан төмөн болбогондой түрдө мамлекеттик резервге

сактоого койсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик

агенттик:

- буудай данын сатуудан түшкөн акча каражаттарын

мамлекеттик резервди азык-түлүк буудай данынын запасын

толуктоого жумшасын;

- буудайды ташуу боюнча чыгымдар жооптуу сактоочу

ишкананын эсебинен төлөнсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык

өнүктүрүү башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык

резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
