Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2 августу №428
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-
мартындагы № 138-6, 2006-жылдын 10-майындагы № 215-6
буйруктарына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик
агенттик:
буудайдан анализ алууну жүргүзүү үчүн көз карандысыз
лабораторияны тартуу менен спирт өндүрүү үчүн "Кристалл"
спирт-арак заводу" мамлекеттик ишканасына буудайды жооптуу
сактоочу ишкана "Кара-Суу Дан-Азык" акционердик коомунан 1,9
мињ тонна азык-түлүк буудай данын берсин.
2. "Кристалл" спирт-арак заводу" мамлекеттик ишканасы
2007-жылдын 1-январына чейин алынган буудай үчүн Кыргыз
Республикасыньш Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги белгилеген баа боюнча
төлөсүн же ошондой сандагы азык-түлүк буудай данын сапаты
боюнча мамлекеттик резервдин буудай данынын базистик
кондициясынан төмөн болбогондой түрдө мамлекеттик резервге
сактоого койсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик
агенттик:
- буудай данын сатуудан түшкөн акча каражаттарын
мамлекеттик резервди азык-түлүк буудай данынын запасын
толуктоого жумшасын;
- буудайды ташуу боюнча чыгымдар жооптуу сактоочу
ишкананын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык
өнүктүрүү башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык
резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 138-б буйругуРаспоряжение · 28.03.2006 · № 138
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-майындагы № 215-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 29-30-мартында Ош облусуна жумушчу сапарынын…Распоряжение · 10.05.2006 · № 215 · Күчүн жоготкон