Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары,Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-июлу,№413-б
КЫГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
«Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1
Жарлыгын аткаруу үчүн жана Афганстандагы согуштун ардагерлеринин
республикалык кењешин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген
тартипте:
- Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун Бишкек шаары, Гоголь көч.,
94 дареги боюнча жайгашкан имаратын баланска кабыл алсын;
- аталган имараттын жайларын ижаралык төлөмдү албастан
Афганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кењешине бекитип
берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Аскердик соту Бишкек шаары, Жунусалиев
көч., 171 дареги боюнча жайгашкан имаратында Бишкек гарнизонунун
Аскердик сотун жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети бул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл
алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы N 370 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана…Постановление · 12.06.2009 · № 370 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 " Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон