# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июлундагы №407-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июлундагы №407-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 407
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3902/edition/298677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июлундагы №407-б буйругу (22.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18613

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-июлу №407-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге сактоого

коюуну камсыздоо жана базарларда буудайдын баасын

турукташтыруу, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик

колдоо көрсөтүү жана "2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн

түшүмүн жыйноону уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы №

470 токтомун аткаруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана

атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги бюджеттик

ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана Япония Өкмөтүнүн

гранттары боюнча, жер салыгы, камсыздандыруу взностору

боюнча, пайдаланылган сугат суусу жана насостук станциялар,

жаадырып сугаруучу агрегаттар керектеген электр энергиясы

үчүн өздөрүнүн карыздарын төгүү эсебине республиканын

айылдык товар өндүрүүчүлөрү тапшырган азык-түлүк буудай

данына бир жумалык мөөнөттө бааны белгилесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик

агенттик жер салыгы, бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк

кредиттер боюнча өздөрүнүн карыздарын төлөө эсебине айылдык

товар өндүрүүчүлөр тапшырган азык-түлүк буудай данын Кыргыз

Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты

өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги белгилеген баа боюнча

сактоого коюуну камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай

комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
