# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3891/edition/298664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б буйругу (05.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18602

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдап-тоноолордун, башаламандыктардын

жана тартипсиздиктердин натыйжасында жана чегишкен ишкер-ижарачыларга

финансылык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- «Бюджеттик ссудалар» статьясы боюнча республикалык бюджетте

каралган каражаттардын эсебинен 10 жылдык мөөнөткө "Бурул-кайра

жаралуу" кредиттик союзуна 10 млн. сом суммасында процентсиз бюджеттик

ссуда бөлүп берсин. Күрөөлүк камсыздоо тартибинде "Бурул-кайра

жаралуу" кредиттик союзунун кредиттик портфели эсепке алынсын;

- «Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген

тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү

боюнча финансы компаниясына "Бурул-кайра жаралуу" кредиттик союзуна

белгиленген тартипте кредит бөлүп берүүдө көмөк көрсөтүү сунушталсын.

3. "Бурул-кайра жаралуу" кредиттик союзуна төмөнкүлөр сунушталсын:

-алынган процентсиз бюджеттик ссуданы жана Кыргыз Республикасында

кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясынын

кредитин 2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдап-тоноолордун,

башаламандыктардын жана тартипсиздиктердин натыйжасында жана чегишкен

ишкер-ижарачыларга жењилдетилген кредиттерди берүүгө гана жумшоо;

- бюджеттик ссуданы пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Экономика жана финансы министрлигине квартал сайын отчет берип туруу.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №

450-6 буйругу кучун жоготту деп табылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
