Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдап-тоноолордун, башаламандыктардын
жана тартипсиздиктердин натыйжасында жана чегишкен ишкер-ижарачыларга
финансылык колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- «Бюджеттик ссудалар» статьясы боюнча республикалык бюджетте
каралган каражаттардын эсебинен 10 жылдык мөөнөткө "Бурул-кайра
жаралуу" кредиттик союзуна 10 млн. сом суммасында процентсиз бюджеттик
ссуда бөлүп берсин. Күрөөлүк камсыздоо тартибинде "Бурул-кайра
жаралуу" кредиттик союзунун кредиттик портфели эсепке алынсын;
- «Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү
боюнча финансы компаниясына "Бурул-кайра жаралуу" кредиттик союзуна
белгиленген тартипте кредит бөлүп берүүдө көмөк көрсөтүү сунушталсын.
3. "Бурул-кайра жаралуу" кредиттик союзуна төмөнкүлөр сунушталсын:
-алынган процентсиз бюджеттик ссуданы жана Кыргыз Республикасында
кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясынын
кредитин 2005-жылдын 24-25-мартындагы уурдап-тоноолордун,
башаламандыктардын жана тартипсиздиктердин натыйжасында жана чегишкен
ишкер-ижарачыларга жењилдетилген кредиттерди берүүгө гана жумшоо;
- бюджеттик ссуданы пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлигине квартал сайын отчет берип туруу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №
450-6 буйругу кучун жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 360-б (2005-жылдын 24-25-мартында жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана башаламандыктын натыйжасында…Распоряжение · 23.08.2011 · № 360-р
- КР ӨкмӨтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №450-б буйругуРаспоряжение · 19.10.2005 · № 450 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР ӨкмӨтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №450-б буйругуРаспоряжение · 19.10.2005 · № 450 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 04.04.2006 · № 82