# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы №370-б буйругу (2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багытталган, республикалык бюджеттин атайын эсебине которулуучу акча каражаттарын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө )

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы №370-б буйругу (2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багытталган, республикалык бюджеттин атайын эсебине которулуучу акча каражаттарын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө )
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3889/edition/298662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы №370-б буйругу (2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багытталган, республикалык бюджеттин атайын эсебине которулуучу акча каражаттарын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө ) (03.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18600

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-июлу № 370-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. 2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн багыт-

талган, республикалык бюджеттин атайын эсебине которулуучу акча кара-

жаттарын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынын

мэрияларынын сунуштарын эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу

жана жоюу үчүн которулуучу каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүчү алдын

алуучу жана авариялык-калыбына келтирилүүчү иштердин планын бекитсин;

- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-

нистрлигине жогоруда көрсөтүлгөн каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маа-

лыматты берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн келип түшкөн каражаттар-

ды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине толук көлөмдө

дайыма которуп турууну камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 3-июлундагы № 370-б

буйругуна тиркеме

2006-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын

алууга жана жоюуга келип түшкөн

каражаттарды бөлүштүрүү

| № | Чыгымдардын аталышы | Мињ сом |
| --- | --- | --- |
| 1 | Авариялык-калыбына келтирилүүчү объектилердин курулушун | 143988,3 |
|  | каржылоо |  |
| 2 | Подряддык уюмдарга карыздарды жоюу | 34000,0 |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин | 14151,0 |
|  | Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, болжолдоо |  |
|  | департаментин каржылоо |  |
| 4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин | 39617,5 |
|  | каржылоо |  |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин | 588,0 |
|  | Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын аппаратын |  |
|  | каржылоо |  |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин | 80102,8 |
|  | Региондор аралык башкармалыктарын каржылоо |  |
| 7 | Күтүлбөгөн чыгымдар, | 66065,8 |
|  | анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар | 5000,0 |
|  | министрлигине караштуу Авиация департаментин каржылоо |  |
|  | ӨКМ боюнча бардыгы | 378513,4 |

Премьер-министрдин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев
