# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3885/edition/550567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б буйругу (23.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18595

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 3-июлундагы № 372-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 269-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 "Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Потсдам шаарынын Жерди изилдөө борборунун ортосундагы уюштуруу келишимине, Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институ-тутунун Уставына ылайык, Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу максатында:

1. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кењешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 269-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Байкоочу кењештин мүчөлүгүнө кыргыз тараптан төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- М.С.Бакиев, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Респуб-ликасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;

- А.Ж.Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси.

Премьер-министр

Ф.Кулов
