# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 356
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18584>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3874/edition/298641/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18584.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б буйругу (18.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18584

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 20-сентябрындагы N 350-б буйругуна ылайык

2007-ЖЫЛДЫН 24-СЕНТЯБРЫНАН ТАРТЫП КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-июну № 356-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында,

Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторду ыктыярдуу акы төлөмө

негизде тез алуу үчүн шарт түзүү жөнүндө көптөгөн кайрылууларын көњүлгө

алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №

637 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)

түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун/Кыргыз

Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тез тариздөө, жа-

соо/персоналдаштыруу жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарга баа-

лардын Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен макулдашылган прейску-

ранты бекитилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жана коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июнундагы № 356-б

буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун/Кыргыз

Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун

тез тариздөө, жасоо/персоналдаштыруу жана

берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарга

баалардын прейскуранты

| Паспорттун түрү | Тездик даражасы | Аткаруу | Бирдик үчүн |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | мөөнөтү | баа (ЕВРО) |
|  |  | (күн) |  |
| Кыргыз Республикасынын | Тез | 8 | 40 |
| жаранынын паспорту | \------------------- | \----------- | \-------------- |
|  | Өзгөчө тез | 4 | 45 |
|  | Өтө тез | 2 | 50 |
|  | (Бишкек ш. боюнча) |  |  |
| Кыргыз Республикасынын | Тез | 8 | 80 |
| жаранынын жалпы | \------------------- | \----------- | \-------------- |
| жарандык паспорту | Өзгөчө тез | 4 | 130 |
|  | Өтө тез | 2 | 200 |
|  | (Бишкек ш. боюнча) |  |  |

Эскертүү: Акы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен, Кыр-

гыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөгөн күнгө карата курсу боюнча

төлөнөт.
