# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 250-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин балансына имараттардын комплексин өткөрүп берүү жөнүндө)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 250-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин балансына имараттардын комплексин өткөрүп берүү жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 250
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3832/edition/350613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 250-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин балансына имараттардын комплексин өткөрүп берүү жөнүндө) (23.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18542

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-майындагы № 250-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ээлеп турган жайларды

тартипке салуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында:

1.Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы (макулдашуу

боюнча) Бишкек шаары, Юдахин көчөсү, № 64 дарегинде жайгашкан

имараттардын комплексин жанындагы аянты менењ кошо Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин

балансына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

өткөрүп берсин.

2.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот депар-

таменти Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотун жайгаштыруу үчүн ушул

буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин жанындагы

аянты менен кошо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген

тартипте балансына өткөрүп алсын.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги N 248 токтомунун редакциясына

ылайык).

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети:

-ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардын комплексин

жанындагы аянты менен кошо өткөрүүнү-кабыл алууну камсыздасын;

-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын

мамлекеттик имараттарды пайдалануусу боюнча реестрге тиийштүү

өзгөртүүлөрду киргизсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине, Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик

программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
