# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 207-б (Чарбакер субъекттердин тизмеси жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 207-б (Чарбакер субъекттердин тизмеси жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3814/edition/517085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 207-б (Чарбакер субъекттердин тизмеси жөнүндө) буйругу (30.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18521

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 6-майы № 207-б Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салыктык түшүүлөрдү алуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругу менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим аймактын салык органы тарабынан кабыл алынуучу чарбакер субъекттердин тизмеси төмөнкү мазмундагы 34-37-пункттар менен толукталсын:

"34. "Кызылкыя машина куруу заводу" АТАКы (Баткен облусу, ИНН 01109199610028).

35. "Ореми" ААКы (Бишкек ш., ИНН 02611199210126).

36. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы (Бишкек ш., ИНН 01505200110063).

37. "Альянс" ЖЧК (Бишкек ш., ИНН 01312199410061).".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы аталган чарбакер субъекттерди жогоруда аталган Тизмеге киргизгендиги жөнүндө аларга расмий түрдө билдирсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
