Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук объекттер тармагын өнүктүрүү боюнча облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, райондордун, шаарлардын, шаар башкармалыктарынын жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 6-апрелиндеги № 152-б
буйругу менен бекитилген
Физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу жана
спорттук объекттер тармагын өнүктүрүү боюнча
облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, райондордун,
шаарлардын, шаар башкармалыктарынын жана айыл
өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык конкурс
өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Республикалык конкурсту
өткөрүүнүн тартиби
1.1. Облустардын, шаарлардын, шаар башкармалыктарынын, райондор-
дун, айыл өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык конкурс өткөрүү боюнча
иштерди уюштуруу колдо болгон спорттук-денсоолукту чыњдоо, балдар жана
короо аянтчаларын оњдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жањыларын
куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү үчүн түзүлгөн ко-
миссиялар (мындан ары - Комиссиялар) тарабынан ишке ашырылат.
1.2. Комиссиялардын курамына облустук, райондук, шаардык мамлекет-
тик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Билим
берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин региондук подразделе-
ниелеринин, министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун баа
берилүүчү көрсөткүчтөрдүн түзүлүшүнө жооптуу өкүлдөрү кирет.
1.3. Комиссиялар шаарлардын, райондордун, айыл өкмөттөрүнүн орто-
сунда конкурстун жүрүшүнө контролдук жүргүзүшөт жана анын ачык-айкынду-
улугун камсыз кылышып, коомчулукту тартат, конкурсту кењири пропаганда-
лоону уюштурат, анын жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылды-
рат.
1.4. Республикалык конкурс өткөрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү
максатында администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн төмөнкүдөй топтору
аныкталып, алардын ар биринде төмөнкүдөй иштердин жыйынтыктарын баалоо
ишке ашырылат:
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын арасында;
- райондордун, облустук маанидеги шаарлардын арасында;
- шаар башкармалыктарынын арасында;
- айыл өкмөттөрүнүн арасында.
1.5. Баа берүү үчүн төмөнкүлөрдү мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр
колдонулат:
- көрүүчү орундардын болушу менен пайдалануунун режимине дал
келүүчү, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча машыгууларды өткөрүүгө
мүмкүндүк берүүчү спорттук курулмалардын болушун;
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн дене тарбия жана спорт ме-
нен машыгууларга шарт түзүлүшүн;
- администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн аймактарында физкульту-
ралык-ден соолукту чыњдоочу жана спорттук курулмалардын бирдей өлчөмдө
жайгашышын.
1.6. Баа берилүүчү көрсөткүчтөр салыштырмалуу болуп эсептелет жана
курулмалардын типтерине жараша балл менен аныкталат.
Республикалык конкурстун жыйынтыктарын чыгарууда колдо болгон
спорттук курулмалардын жана Физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу жана
спорттук курулмалардын көлөмдүк көрсөткүчтөрүн аныктоо (баалоо) тарти-
бине ылайык алардын абалынын иш жүзүндөгү маалыматтары колдонулат.
1.7. Баалоо көрсөткүчтөрүн түзүү, анын сапаты жана тууралыгы үчүн
комиссиялардын курамына киргизилген облустук, шаардык, райондук мамле-
кеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын, ошондой эле министрликтердин, администрациялык ведомстволордун,
мамлекеттик комиссиялардын өкүлдөрү жекече жоопкерчилик тартышат.
1.8. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча республикалык комиссия тарабы-
нан кыйла көп балл алышкан администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн ар
бир тобу боюнча жењүүчүлөр аныкталат.
1.9. Конкурстун жењүүчүлөрүн аныктоо үчүн ушул Жобого таблица
түрүндө физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу спорттук курулмаларды баа-
лоо көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүндөгү маалыматтары түзүлөт.
2. Байгелүү орундарга талапкерлерди тандоо жана
баалоо жүргүзүү тартиби
2.1. Шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл
өкмөттөрүнүн башчылары Жобонун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн комиссияларга
ушул Жобого таблица түрүндө таризделген баа берилүүчү көрсөткүчтөр бо-
юнча иш жүзүндөгү маалыматтарды беришет.
2.2. Комиссиялар шаардык, райондук мамлекеттик администрациялар-
дын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары беришкен ушул Жобого таблица түрүндө
таризделген баа берилүүчү көрсөткүчтөр боюнча иш жүзүндөгү маалыматтар-
ды текшерүүнү жана баалоону ишке ашырат, жењүүчүлөргө болжолдонгон та-
лапкерлерди аныктайт жана аларды жалпылоо, республикалык комиссиянын
кароосуна даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене
тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине беришет.
2.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын администраци-
ялык-аймактык түзүлүштөрүнүн бардык топтору боюнча облустук, райондук,
шаардык мамлекеттик администрациялар жана Бишкек менен Ош шаарларынын
мэриялары беришкен материалдарды жалпылайт жана аларды кароо үчүн рес-
публикалык комиссияга берет.
Физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу
жана спорттук объекттер тармагын
өнүктүрүү боюнча облустардын, Бишкек
жана Ош шаарларынын, райондордун,
шаарлардын, шаар башкармалыктарынын
жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда
республикалык конкурс өткөрүүнүн
шарттары жана тартиби жөнүндө
жобого таблица
Физкультуралык-ден соолук чыњдоочу
жана спорттук курулмаларды баалоо
көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүндөгү
МААЛЫМАТТАРЫ
Администрациялык-аймактык түзүлүш ________________________________
_______________________________________________________________________
Калктын саны _____________________________________________________
| Баа берилүүчү | Өлчөмдөрү | Оњдолгон | Жањы | Абалын | Балл |
| физкультуралык-денсоолук | жана | курул- | баалоо | ||
| чыњдоочу жана спорттук | калыбына | ган | (канаат- | ||
| курулмалардын аталышы | келтирилген | тандырар- | |||
| лык, | |||||
| жакшы, | |||||
| эњ жакшы) | |||||
| Бардыгы | Жалпы | Балл- | |||
| аянты | дын | ||||
| жалпы | |||||
| саны |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 152-б буйругуРаспоряжение · 06.04.2006 · № 152 · Күчүн жоготкон