# 9-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года №78 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об угле"](https://aqlex.ai/kg/doc/13204)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/185#diff=1192805..1192806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 9-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-9

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көмүр кени чыккан жерлерди тескейт жана көмүр казып алуу жана пайдалануу жагында мамлекеттик жөнгө салууну түздөн-түз жана башкаруунун мамлекеттик органдары аркылуу:

- тоо-кен иштерине, техникалык коопсуздукту сактоого, эмгекти, жер катмарын жана айлана-чөйрөнү коргоонун технологиялык регламенттерине, талаптарына көзөмөлдүк кылуу;

- көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн жана кайра түзүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- көмүр казып алуучу уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- лицензиялоонун мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылуу, лицензиялоонун шарттарын жана жер казынасы жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоону контролдоо;

- көмүрдүн сапаты, жер катмарын жана айлана-чөйрөнү коргоо, тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү боюнча ченемдик-усулдук жоболорду, эрежелерди, регламенттерди, технологияларды жана техникалык шарттарды, стандарттарды өркүндөтүү;

- көмүр өнөр жайынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- көмүр өнөр жайына инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана сынактарды (тендерлерди) өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырат.

(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-10)
