3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдердин аныктамасы
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Көмүр тармагынын уюмдары - менчигинин түрүнө карабастан көмүр тармагында иштеген уюмдар, жеке жана (же) юридикалык жактар. Көмүр тармагындагы ишмердик - көмүрдү жана аны кайра иштетүүнүн продукттарын издөө, чалгындоо, иштетүү, казып алуу, сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатып өткөрүү менен байланышкан уюмдардын ишинин үргүлжүсү жана (же) тутуму. Лицензия - кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү кен байлыгын иштетүү укугуна уруксат. Көмүр кени чыккан жерлер - баалардын жана өнөр жайлык технологиялардын учурдагы деңгээлинде экономикалык мааниге ээ болгон көмүрдүн жер катмарындагы табыгий топтолушу. Жер бөлүнүшү - кен байлыгын пайдалануучуга кенди өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн берилүүчү жана графикалык документтерде бурчтук чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттарда тартылуучу жер бетиндеги участок. Тоо бөлүнүшү - пайдалуу кендерди өндүрүштүк иштетүү үчүн берилүүчү жана графикалык документтерде бурчтук чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттарда тартылуучу жер кенинин участогу. Көмүр казып алуу - жер катмарынан көмүр алуу боюнча иш-аракеттердин тобу. Кен байлыктарын пайдалануу - жер катмарын иликтөө, пайдалуу кендерди казып алуу, ошондой эле кен байлыктарын казып алууга байланышпаган курулуш куруу жана курулмаларды пайдалануу менен байланышкан аракеттер. Лицензиат - көмүр тармагында ишмердикти жүзөгө ашыруу лицензиясынын жана кен байлыгын пайдалануу укугунун ээси. Лицензиар (лицензиялык орган) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензияларды берүүгө ыйгарым укук берген кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган. Лицензиялык макулдашуу - продукцияны бөлүп алуу, акы төлөө маселелерин, коопсуздук жана жаратылыш чөйрөсүн сактоо боюнча чараларды жана башкаларды кошуп алганда, кен байлыгын пайдалануунун шарттары жөнүндө кен байлыгынын ээси менен лицензиаттын ортосундагы келишим. Кен байлыгын пайдалануучу - менчигинин түрүнө карабастан өз ишмердигин көмүр тармагында жүзөгө ашыруучу ар кандай юридикалык же жеке жак же жактар. Сервитут - тутумдаш же бөтөн жаткан жерге, тоого жана (же) геологиялык бөлүнүшкө жетүү укугу жана ушул Мыйзамдын тиешелүү беренелери менен белгиленген тартипте лицензиаттын аларды пайдалануу укугун чектөө. Үчүнчү жактар - лицензиаттан жана лицензиардан тышкары чарба жүргүзүүчү ар кандай жактар. Көмүр тармагында кен байлыгын пайдалануу укугун лицензиялоо - "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көмүр тармагында кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү кен участогун пайдалануу укугун юридикалык жол-жоболоштуруу. Көмүр тармагындагы ишмердикти лицензиялоо укугу - "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көмүр тармагындагы ишмердик укугун юридикалык жол-жоболоштуруу. Форс-мажор - контракттын (лицензиялык макулдашуунун) аткарылышын татаалдатуучу кол жеткис жагдайлар. Аларга согуштук чыр-чатактар, табигый кыйроолор, табигый кырсыктар жана башка жагдайлар кирет. Техникалык-экономикалык негиздеме - пайдалуу кен чыккан жерди өздөштүрүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоочу техникалык эсептөөлөр. Лицензиялык аянт - тик бурчтуу же географиялык координаттарда аныкталган, чектеринде жалдануучуга (лицензиатка) көмүр кенин издөөнү, чалгындоону жана иштетүүнү жүргүзүүгө укук берилген аянт. Көмүр өнөр жай тармагын кайра өзгөртүп түзүү - көмүр казып алуу (кайра иштетүү) жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоону камсыз кылуу жагындагы социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча натыйжалуу иштөөчү уюмдарды түзүү максатында көмүрдү казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын өндүрүштүк базасын кайра куруу. Көмүрдү пайдалануу - өнөр жайлык, турмуш-тиричиликтик жылуулук жабдууларында жагуу үчүн көмүрдү колдонуу, алардан катуу, суюк жана газ түрүндөгү тазаланган энергетикалык ресурстарды, эл чарбасынын химиялык, медициналык жана башка тармактары үчүн продукцияларды алуу максатында кайра иштетүү. Эмгек шарттары кооптуу иштер - көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдардын кызматкерлери үчүн коркунуч туудурган кен-геологиялык жана газдык-динамикалык факторлордун жана технологиялык процесстердин божомолдоого кыйынчылык туудурган көрүнүштөрүнүн таасири астында жүзөгө ашырылуучу өндүрүштүк иш-аракеттердин түрлөрү. Эмгек шарттары зыяндуу иштер - жумушчулардын ден соолугуна коркунуч туудурган факторлор менен коштолгон өндүрүштүк иш-аракеттердин же жумуштун түрлөрү. Нөөмөттөн кийин калыбына келүү - эмгектин шарттары зыяндуулуктан келип чыккан кара күчтүк жана моралдык-психологиялык бузулууларды калыптандыруу максатында жумушчу нөөмөттөн кийин кызматкерлердин дене-боюна медициналык-биологиялык таасир этүү чараларынын жыйындысы.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/185/st-3" title="3-берене - Көмүр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>