# 28-берене. Көмүр жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 28-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-28

---

1. Ушул Мыйзам тарабынан каралган көмүр чыккан жерлерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын түздөн-түз же көмүскө түрдө бузуучу бүтүмдөр жараксыз деп табылат.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоодо, ошондой эле:

- көмүр казып алууда иштегендердин жана калктын коопсуздугун, жер катмарларын жана айлана-чөйрөнү булгоо коркунучун түзүүчү усулдар жана ыкмалар менен жүргүзүүдө;

- көмүр кени чыккан жерлерди өз бетинче пайдаланууда;

- көмүр кени чыккан жерлерди сарамжалсыз тандап иштетүүдө, аны казып алууда жана кайра иштетүүдө ченемдерден ашык жоготууларды түзүүдө күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар -

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Көмүр кени чыккан жерлерди өз бетинче пайдалануу кен байлыгын пайдалдануу боюнча мамлекеттик органдын чечиминин негизинде чыгымдардын ордун толтурбастан токтотулат.

4. Көмүрдү жана аны кайра иштетүүнүн продукттарын аларды стандартташтыруу боюнча ченемдик документтерсиз сатуу жана стандарттардын милдеттүү талаптарын сактабагандык үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик белгиленет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-29)
