# 23-берене. Көмүр казып алуу боюнча оор жумуштарда жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарда иштеген көмүр казып алуучу уюмдардын кызматкерлери үчүн жумуш убактысынын узактыгы

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 23-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-23

---

Көмүр казып алуучу уюмдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарда жер алдында иштеген кызматкерлери үчүн белгиленген жумуш убактысынын узактыгы жумасына 36 сааттан ашпайт. Ага жумушчуларды жер алдындагы иштеген жерине жана кайра жер үстүнө жеткирүүнүн убактысын кошуп алганда жумушчу убактысынын жалпы узактыгы жумасына 38 саат 45 мүнөттөн ашпайт. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын көрсөтүлгөн жана башка кызматкерлери үчүн жумуш күнүнүн айкын узактыгы, ошондой эле кыскартылган жумуш убактысын берүүнүн тартиби көмүр казып алуучу уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, кесиптик бирлик же башка өкүлчүлүк органынын жана көмүр өнөр жайын башкаруу боюнча органдын макулдашуусу (жамааттык келишими) менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-24)
