# 22-берене. Көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштарга жана эмгек шарттары коркунучтуу жана (же) зыяндуу иштерге жумушчуларды тартуу

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 22-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-22

---

Көмүр казып алуу боюнча оор жумуштарды жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарды аткарууга 18 жашка толгон эркектер, аларда ден соолугунун абалы боюнча тиешелүү жумуштарды аткарууга жарактуулугу жөнүндө медициналык корутунду болгондо уруксат берилет жана жумушка кабыл алуу эмгек келишимине (контрактка) ылайык жүзөгө ашырылат. Көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштардын жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштардын тизмесин, ошондой эле көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштарга жана эмгек шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарга таандык кылынган кесиптердин жана кызматтардын тизмесин кесиптик бирликтер органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча оор жумуштарга жана эмгегинин шарттары кооптуу жана (же) зыяндуу жумуштарга таандык кылынган кесиптердин жана кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн Кесиптердин жана кызматтардын бирдиктүү классификаторуна киргизилет.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-23)
