# 19-берене. Көмүр казып алуунун коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 19-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-19

---

1. Бардык көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдарда куруу жана пайдалануу мезгилинде эмгектин коопсуз шарттары жана айлана-чөйрөнү коргоо колдонуудагы эрежелерге жана ченемдерге ылайык камсыз кылынууга тийиш.

2. Эмгек коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун эрежелери, ченемдери көмүр тармагынын иштеп жаткан бардык ишканалары, ошондой эле тармактын тиешелүү курулуш, долбоорлоо, илим-изилдөө жана окуу уюмдарынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

3. Тоо-кенде иштеген бардык кызматкерлер белгиленген ченемдер боюнча жекече коргонуунун каражаттары менен атайын кийим, атайын бут кийим, дем алуу органдарын коргоо каражаттары жана башкалар менен акысыз камсыз кылынат.

4. Эмгек коопсуздугунун эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышына, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын аткарылышына, жеке коргонуу каражаттарынын берилишине контролдук кылууну атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле коомдук контролдоо кесиптик бирлик комитеттери тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эмгек жана өндүрүш коопсуздугунун эрежелери менен ченемдери эмгектин жана өндүрүштүн коопсуздугуна, айлана-чөйрөнү коргоого көзөмөлдүк кылууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, ошондой эле тиешелүү кесиптик бирликтердин органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-20)
