# 16-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүдө кен иштерин жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик техникалык документтер

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 16-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-16

---

Көмүр казып алуучу жана аны кайра иштетүүчү ар бир уюмда өндүрүштүн коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча бөлүмдөрдү кошуп алганда белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген долбоорло-сметалык документтер болууга тийиш. Андан тышкары тоо-кен иштерин жүргүзүүчү уюмдардын геологиялык жана маркшейдердик документтери, ошондой эле тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн календарлык пландары болууга тийиш. Тоо-кен жана геологиялык чалгындоо иштеринин пландары техникалык, экологиялык коопсуздук жана кен байлыгын сактоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу органдары менен жыл сайын макулдашылууга тийиш. Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдарды долбоорлоо, көмүр кени чыккан жерлерди иштетип бүткөндөн кийин жер алдындагы жана ачык ыкма менен кен иштерин жүргүзүү белгиленген тартипте бекитилген Көмүр жана сланец шахталарындагы коопсуздук эрежелерине, Пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүдөгү коопсуздуктун бирдиктүү эрежелерине, Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү эрежелерине, Катуу пайдалуу кендерди иштетүүдөгү кен байлыктарын сактоонун бирдиктүү эрежелерине, Көмүрдү ылгап алуудагы жана брикеттөөдөгү коопсуздук эрежелерине, ошондой эле кен иштерин жүргүзүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик-техникалык актыларга ылайык жүзөгө так ашырылууга тийиш. Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдардын бардык долбоорлорунун техникалык коопсуздуктун эрежелерине жана ченемдерине, кен байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоонун эрежелерине жана ченемдерине ылайыктуулугу көз карандысыз экспертизадан өтүүгө тийиш. Кен алуу аянттарын, горизонтторду, блокторду, панелдерди ачуу жана даярдоо, тике жана туурасынан кеткен оюктарды капиталдык оңдоо, туруктуу жабдууларды орнотуу кен көзөмөл органдары менен бекитилген жана макулдашылган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Кен алуу участокторун пайдалануу, кен иштерин жүргүзүү паспорттор боюнча, ал эми механизмдерди орнотуу белгиленген тартипте бекитилген чиймелер боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-17)
