# 14-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди геологиялык изилдөөгө карата негизги талаптар

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года №78 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об угле"](https://aqlex.ai/kg/doc/13204)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/185#diff=1192805..1192806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 14-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-14

---

1. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүнү жана кен иштерин пайдаланууну долбоорлоо үчүн берилген геологиялык материалдарда жеткиликтүү ынанымдуулук менен белгиленген:

а) анын көмүр чыккан жерлерди иштетүүгө, көмүрдүн сапатына баа берүүгө таасир этүүчү кубаттуулуктун өзгөрүп турмалыгынын жеткилеңдиги жана мыйзам ченемдүүлүгү, көмүр катмарларынын жатышынын элементтери жана майда-чүйдөсүнө чейин ири тектоникалык бузулуулар, майда амплитудалык бузулуулар жөнүндө;

б) калктын саламаттыгы үчүн коркунучтуулугуна баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү жана чектен тышкаркы камтуучулары менен көмүрдүн корлорун өзүнчө контролдоого мүмкүнчүлүктү камсыз кылган көлөмдөрдө көмүрдөгү зыяндуу компоненттердин камтылышы жөнүндө;

в) көмүр кени жаткан жерлерди ачууга жана иштетүүгө алардын таасир этишин сапаттык жана сандык мүнөздөмө берүүгө толук мүмкүнчүлүк берүүчү жер катмарында көмүрдүн корлорунун жайгашуусунун бардык башка табигый шарттары (гидрогелогиялык, геокриологиялык ж.б.) жөнүндө ынанымдуу маалыматтар камтылууга тийиш.

2. Көмүр кени чыккан жерлердин корлору тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

3. Көмүр кени чыккан жерлердин корлору көмүр кени чыккан чалгындалган жерлер боюнча белгиленген түрдөгү жылдык отчеттук баланстарда чагылдырылууга тийиш.

(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-15)
